Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:23

Атуулдарга медициналык-санитардык жардам берүүнүн кепилдиктери жөнүндө мыйзам кабыл алынды


БИШКЕК. Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйыны «Кыргыз Республикасынын атуулдарына медициналык-санитардык жардам берүүнүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндөгү» мыйзамды биринчи окууда кабыл алды. Мыйзам атуулдардын Конституцияда жазылган медициналык дарылануу укуктарына мамлекеттик кепилдик берет. Ага ылайык өлкөдөгү Улуу Атамекендик Согуштун катышуучулары, кыргыз эл баатырлары, кургак учук, кант диабети сыяктуу ооруга чалдыккандар, атайын мыйзамдарга ылайык жеңилдиги бар атуулдар акысыз дарыланышат. Мындан тышкары, медициналык камсыздандыруу күбөлүгү бар атуулдар мыйзамда каралган өлчөмдө бекер дарыланууга укук алышат. Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлүнүн маалыматына караганда, мамлекеттин мындай кепилдигин толук аткарыш үчүн 2 млрд. 500 млн. сом талап кылынат. Ал эми быйыл бул максатта саламаттык сактоо тармагына республикалык бюджетте 1 млрд. 700 млн. сом каралган.

XS
SM
MD
LG