Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:51

Өздөрүн Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин жаңы жетекчилери деп эсептегендер эл аралык уюмдарга кайрылуу жолдошту


БИШКЕК. Өздөрүн Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин жаңы жетекчилери деп санагандар эл аралык уюмдарга, Голландиянын «Хивос» гуманисттик институтуна жана Эл аралык Хельсинки федерациясынын аткаруучу директору Аарон Роудска кайрылуу жолдошту. Анда алар «комитеттин мурдагы жетекчиси Рамазан Дырылдаев менен анын жакын санаалаштарынын мыйзамсыз аракеттери комитеттин бетине көө жаап, эл аралык деңгээлдеги чатакты пайда кылды» деп билдиришти. Кайрылуу ээлери бул комитетке грант берип келген «Хивос» уюмунун, бул өлкөнүн Казакстандагы элчилигинин жана ЕККУнун жетекчилеринин «Дырылдаевдин жетегине түшүп кетишкенине нааразы экенин» кабарлашты. Мындан тышкары, алар эл аралык уюмдар «PWC» компаниясы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен тааныштырат деп үмүттөнүп жатышканын билдиришти.

XS
SM
MD
LG