Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:08

Ж.Робертсон: Борбор Азия эл аралык терроризмге каршы күрөштүн алдыңкы чегине айланды


НАТОнун башкатчысы Жорж Робертсон бүгүн таң эртең менен Дүйшөмбүгө учуп келди. Ал Тажикстандын жетекчилери менен террорчулукка каршы күрөшүү, коңшулаш Ооганстандагы кырдаал жана НАТО менен Тажикстан арасындагы байланыш тууралуу сүйлөшөт.
Робертсон Дүйшөмбү аба майданына түшөр замат 2001-жылдын 11-сентябрында АКШга каршы жасалган чабуулдардан кийин Борбор Азия эл аралык терроризмге каршы согуштун алдыңкы чегине айланды деп билдирди.
Тажикстан НАТОнун “Тынчтык үчүн кызматташуу” программасына мүчө.
Робертсон Дүйшөмбүдөн соң Ооганстанга жана Өзбекстанга барат.


Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Амирбек Азам уулу

XS
SM
MD
LG