Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:30

Ирак бийликтери “ал-Жазиира” жана “ал-Арабия” телекомпанияларынын ишмердүүлүгүн чектеди


АКШ дайындаган Ирактын башкаруучу кеңеши араптардын эки телекомпаниясын элди коомдук тартипти бузууга түртүүдө деп, келээрки эки жумада өкмөттүн ишмердигин чагылдырууга тыйуу салды.
Башкаруучу кеңеш шейшемби күнү жарыялаган билдирүүдө “Ал-Жазиира” жана “ал-Арабия” телекомпанияларынын кабарчыларына пресс-жыйындарга, өкмөттүк кеңешмелерге катышууга убактылуу тыйуу салынды жана алардын ишмердүүлүгү кылдат көзөмөлгө алынат деп көрсөтүлөт.
Кеңештин өкүлү Ентифад Канбардын сөзүнө караганда, эки телестанция элди бөлүп-жарып, калкты АКШ башындагы колаициялык күчтөрдүн мүчөлөрүн өлтүрүүгө шыкактаган.

XS
SM
MD
LG