Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:34

Хамид Карзай Ооганстанды чет элдик капиталдын сүймөнчүктүү жайына айлантууну каалайт


Ооганстандын убактылуу өкмөтүнүн башчысы Хамид Карзай кечээ күнү Улуттар Уюмунун жыйынында: бир кезде террорчулардын уюгу болгон Ата Журту эми бизнес- инвестициянын борборуна айлануусун кааларын билдирди.
Ооганстан жыйырма жылдан узак убакыт: адегенде советтик отурчулук тушунда, андан кийин атуулдук согуш маалында, акыр соңунда талибдердин заманында кымгуут болуп, тыш дүйнөдөн бөлүндү жана эки жыл мурда гана Ооганстан өз үнүн тапты деп улантты Карзай. Ал сөзүнүн соңунда АКШ, Евробиримдик жана Жапонияга үлкөн жардамдары үчүн жана НАТОго өлкөнүн коопсуздугун камсыздоого жардамдашып жатканына алкыш айтты.

XS
SM
MD
LG