Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:22

Германиянын Конституциялык соту мусулман мугалим аял сабакта жоолук салынып жүргөнгө укуктуу деп чечти


КАРЛСРУЭ. Германиянын Конституциялык соту мусулман мугалим аял сабакта жоолук салынып жүргөнгө укуктуу деп чечти. Өлкөнүн Конституциялык соту мугалим аялды жоолук салынгандыгы үчүн иштен бошотконго Штутгарттын мектеп жетекчилигинин укугу жок болгон деген чечим чыгарды. Мектеп 1998-жылы теги ооган Ферешта Лудин деген мугалимди "Жоолук салынуу менен федералдык жердин диний бейтараптыгын бузуп жатат" деген аныктама менен иштен чыгарып жиберген. Соттун чечими эми мусулман мугалимдердин сабакта жоолук салынуусуна жол ачат. Ал эми өлкөнүн федералдык мыйзамдары мектепте диний символдорду пайдаланууга тыйуу салат. Августта федералдык сот мусулман сатуучу аял иш үстүндө жоолук салынып жүрүүгө укуктуу деп чечкен. Мусулман аял иштеген дүкөн ЭЭСИ сатуучу аялдын жоолугу "дүкөндөн кардарларды качырып жатат" деген себеп менен аны кызматтан чыгарып жиберген.


Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG