МОСКВА. Орусиянын Мамдумасы мурдагы СССРдин тургундары үчүн өлкөнүн атуулдугун алууну жеңилдеткен мыйзам долбоорун талкуулап жатат. Атуулдук алуу процедурасы Улуу Атамекендик Согуштун катышуучулары үчүн, Орусиянын орто жана жогорку окуу жайларын бүткөн адамдар жана Орусиянын аймагында төрөлгөндөр үчүн оңойлотулат. Ошону менен катар президент сунуш кылган дагы бир мыйзам долбоору чет элдиктерге Орусиянын армиясында контракттык негизде кызмат өтөгөнгө уруксат берүүнү карайт.