ГРОЗНЫЙ. Чечен администрациясы чечен согушкерлеринин ыктыярдуу куралсыздануусуна берилген мөөнөттү узартууну суранат. Администрация башчысы Ахмад Кадыров Орусиянын Мамдумасына кайрылып, ыктыярдуу куралсызданган адамдарга мунапыс берүү мөөнөтүн дагы үч айга узартууну өтүндү. Думанын Кеңеши бул маселени 6-октябрда карайт. Мунапыс берүүнүн мөөнөтү 1-сентябрда соңуна чыккан.