Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:53

Ирак өкмөтүнүн кол салуудан жараат алган өкүлү Акила ал-Хашиминин ахвалы начарлоодо


БАГДАД. Ирак өкмөтүнүн кол салуудан жараат алган өкүлү Акила ал-Хашиминин ахвалы начарлоодо. Бул жөнүндө Башкаруучу Кеңештин өкүлү билдирди. Ал-Хашими АКШнын Багдаддагы госпиталында дарыланып жатат. Ал-Хашими Улуттар Уюмунун Жалпы ассамблеясына катышуу үчүн ушул жумада Нью-Йоркко бармак болчу. Аны белгисиз адамдар үйүнүн жанынан машинеде отурган кезде атып кетишкен. Ахмад Чалаби бул кол салуунун жоопкерчилигин Саддам Хусейиндин кишилерине жүктөгөн.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG