Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:49

Түрк өкмөтү күрт улутундагы атуулдардын балдарына күртчө ат койууга уруксат берүүнү буйурду


АНКАРА.Түрк өкмөтү күрт улутундагы атуулдардын балдарына күртчө ат коюуга уруксат берүүнү жергиликтүү акимдерге буйурду. Бул түрк өкмөтүнүн өлкөнүн мыйзамдарын Еврошаркеттикине ылайыкташтырууга карай жасаган кадамы болду. Еврошаркетке кирүү максаты менен өткөн жылы өлкөнүн парлементи күрт балдарына күртчө ат койууга жана күрт тилинде радио жана телеберүүлөрдү ачууга, ошондой эле, мектептерде күрт тилинде окутууга уруксат берген мыйзамды кабыл алган. Еврошаркеттин жетекчилиги бул өзгөртүүлөрдү кубаттаган, бирок алардын турмушка кандайча ашырылаарын көрүүгө ынтызар экенин белгилеген. Мыйзамдын өзгөртүлгөнүнө карабастан, күрттөр жергиликтүү бийлик аны аткаруудан баш тартып жатканына даттанышкан. Күрттөрдүн айрымдары Европанын сотуна кайрылышкан болчу.

XS
SM
MD
LG