Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:50

АКШнын ЕККУдагы өкүлү бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту


БИШКЕК. 24-сентябрда АКШнын мамлекеттик департаментинин каржылоо комитетинин Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы (ЕККУ) өкүлү Жеймс Мерс Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар жана саясий партиялардын өкүлдөрү менен жолугушту. Анда ЕККУнун Кыргызстандын Ички иштер министрлигин реформалоо программасын ишке ашыруу боюнча сөз болду. Жолугушууда бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү Кыргызстанда тартип коргоо органдары күч менен баса тургандай коомдук башаламандык жок экендигин жана адамдарга каршы колдонуучу жабдуулардын зарылдыгы жоктугун билдиришти. Андан тышкары программаны ишке ашырууда байкоо салуучу бейөкмөт уюмдардын санын көбөйтүү сунушу айтылды.

XS
SM
MD
LG