Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:36

Укук коргоочу эл аралык уюмдарга кайрылды


БИШКЕК. Свердлов райондук сотунун өкүмү менен 2 млн. сомго жыгылган Кыргызстан адам укугун коргоо кыймылынын башчысы Турсунбек Акун шаршемби күнү «Фридом хауз», «Хьюман райтс вочт» «Эмнести интернешнл» сыяктуу эл аралык укук коргоо уюмдарына кайрылуу жолдоду. Анда «Свердлов райондук соту айыпталуучу тарапты жана окуяга күбөлөрдү толук катыштырбай туруп, мыйзамсыз чечим чыгарды» деп белгиленген. «Аалам» газетасынын үстүбүздөгү жылдын 17-июлдагы санына Турсунбек Акундун «Мелис Эшимкановдун адамдык жана саясий жүзү» деген макаласы жарыяланган. Андан көп өтпөй Мелис Эшимканов аталган макалада «Турсунбек Акун жалган маалыматты жазып, ар намысыма, абийириме шек келтирди» деп сотко кайрылган. Моралдык чыгым үчүн Турсунбек Акундан 2 млн сом, гезиттен 3 миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылган. 19-сентябрда Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту Мелис Эшимкановдун арызын карап, аны канааттандырган өкүм чыгарган.

XS
SM
MD
LG