Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:22

ШКУнун жылдык бюджети такталды


БИШКЕК. Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) жылдык бюджетинин көлөмү 3 млн. 800 миң доллар болот. Мындай чечим уюмга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын 23-сентябрда Бээжинде өткөн жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу 24-сентябрда «Кабар» маалымат агенттиги билдирди. Бюджеттин негизги каражаты уюмдун 2004-жылдан тартып иштей турган Бээжиндеги катчылыгын жана Ташкенттеги антитеррордук борборун кармоого жумшалат. Каражаттын 48% же 900 миң АКШ долларын Кытай менен Орусия, 21%ын Казакстан, 15%ын Өзбекстан, 9%ын Кыргызстан көтөрөт. Тажикстан эң аз үлүш кошот – 6%. Каражатты минтип бир өлкө көп, бири аз чыгарып жатканына карабастан, уюмдун туруктуу органдарында ар бир мамлекеттен отуздан өкүл иштейт.

XS
SM
MD
LG