Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:49

Кант авиабазасы октябрдан тартып ишке кирет


БИШКЕК. Орусиянын Канттагы аскер авиабазасы ушул жылдын октябрынан тарта ишке киришет. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Аскар Акаев шейшембиде, Орусиядагы иш сапары учурунда билдирди, - деп кабарлады «Новости» маалымат агенттиги. Аскар Акаев Орусиянын Канттагы аскер авиабазасы менен антитеррордук коалициянын «Манас» аба майданында жайгашкан авиабазасы «бири-бирине техникалык жактан эч кандай тоскоолдук кылбайт» деп белгилеген. Президент андан тышкары «Орусияны Борбор Азия чөлкөмүнөн сүрүп чыгарууга жасалган бардык аракеттер ишке ашпай» тургандыгын билдирген.
Шаршембиде президент А.Акаев Орусияны белгилүү саясатчылары менен жолугушуп, пикир алышты. Кыргыз делегациясынын Орусиядагы иш сапары бейшембиде аяктайт.

XS
SM
MD
LG