Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:42

Азербайжан Арменияны террорчулукту колдогон мамлекет деп атады


Азербайжан премьер-министри Илхам Алиев кечээ күнү Бириккен улуттардын сессиясында чыгып сүйлөп, Иракка каршы согушту АКШ аргасыздан баштаган, анткени Бириккен Улуттар ал тууралуу чечим кабыл алууга кудуретсиз болуп чыккан деп билдирди. Алиевдин айтымында, террорчулукка каршы күрөш күчөтүлүүгө тийиш, анткени Армения сыяктуу өлкөлөр терроризмди мамлекеттик деңгээлде жүргүзүп, Азербайжан аймагынын 20 пайызын басып алды. Бириккен улуттар басылып алынган жерлерди бошотууну талап кылган, бирок Ереван ага көңүл бурбайт, - деди ал.

XS
SM
MD
LG