Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:33

Бириккен Улуттарда мунаса табылса, Пакистан Иракка аскер жиберүүгө даяр


Пакистан президенти Первез Мушарраф кечээ күнү Бириккен Улуттардын сессиясында чыгып сүйлөп, эгер Ирактагы бейпилдик күчтөр Бирикекен Улуттар тарабынан түзүлө турган болсо, Пакистан аларга өз аскерлерин кошууга даяр деп билдирди: "Ирактын эгемендүүлүгүн жана өлкөдөгү стабилдүүлүк менен коопсуздукту калыбына келтирүү үчүн Бириккен Улуттарда мунаса табылууга тийиш экени баарыбызга түшүнүктүү. Ирак ачык жара бойдон калбаш керек. Маселе региондогу жалпы абалга жана террорчулук менен экстремизмге каршы күрөшкө да өз таасирин тийгизүүдө".

XS
SM
MD
LG