Орусиянын Жогорку Соту бүгүн Кремлдин Чеченстандагы администраторуна олуттуу атаандаш саналган Малик Сайдуллаевге шайлоого катышууга тыйуу салган чечен сотунун чечимин күчүндө калтырды.
Чечен соту жакында "Сайдуллаевдин документтериндеги кол тамгалар бурмаланган" деп тапкан эле. Сайдуллаевдин ишениминде, сот аркылуу Кремль Чеченстандын азыркы маскөөчүл администратору Ахмад Кадыровдун жеңишин кепилдөөгө далалат кылып жатат. Башка үч талапкер ат салыштан баш тарткандан кийин, Сайдуллаев Кадыровдун негизги атаандашы болуп калган эле.