Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:57

НАТОнун кетип жаткан жетекчиси Өзбекстанда кызматташтык маселесин көтөрөт


Бүгүнкү жолугушуусунда Жорж Робертсон жана президент Ислам Каримов башка маселелердин арасынан аскердик-техникалык кызматташтык жаатындагы мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашат.
Өзбекстандын тышкы иштер министрлигине ылайык, Робертсон ошондой эле Ооганстандагы кырдаал, эл аралык терроризмге каршы күрөш жана диний экстремизм маселелерин көтөрөт.
Робертсон Өзбекстандын тышкы иштер министри Садык Сафаев, коргонуу министри Кадыр Гулямов жана парламенттин спикери Эркин Халилов менен да сүйлөшүү жүргүзмөкчү.
Робертсон кечээ Тажикстанда болду.

XS
SM
MD
LG