Акила ал-Хашемиге өткөн ишембиде Багдадда жүк ташыгыч машинадан алты киши кол салып, атып кетишкен эле. Ал-Хашеми бүгүн Багдаддагы америкалык ооруканада көз жумду.
Ал-Хашеми айым Саддам Хусейндин өкмөтүндө тышкы иштер министри болуп иштеген. Ирактагы коалициялык күчтөрдүн командачысы, генерал-лейтенант Рикардо Санчес мындай деди:
- Эркин, демократиялуу жана бейпил Ирак өлкөсү үчүн талыкпаган эмгеги менен Доктор Акила ал-Хашеми өз улутташтарына демөөр болгон. Биз анын дүйнөдөн кайтышына аза күтөбүз.
Британиянын өкмөт башчысы Тони Блэр бүгүн ал-Хашеминин өлүмүнө өкүнүч билдирип, "ал Ирактын жана ирак элинин келечеги үчүн ичкен ашын жерге койгон ишмер болгон" деди.