Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:36

Кыргызстандагы эгин жыйноонун соңку көрсөткүчтөрү


БИШКЕК. 20-сентябрга карата республика боюнча 448 миң гектар жерден 1 337 миң тонна дан эгини жыйналды. Анын ичинде 374 миң гектар жерден 1 110 миң тонна буудай топтолду. Бул - өткөн жылга салыштырганда 162 миң тоннага аз. Буудайдын түшүмдүүлүгү бир гектарга 29 центнер болду. Бул тууралуу бейшемби күнү өткөн маалымат жыйынында Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министри Александр Костюк билдирди. Анын айтымында, учурда Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында эгин-тегин жыйноо аяктап калды. Республика элинин эгинге болгон муктаждыгын толук канааттандырыш үчүн 1 млн. 200 миң тонна эгин керек.

XS
SM
MD
LG