Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:54

«Агым» гезитинин алдында пикет болду


БИШКЕК. «Аалам» гезити менен укук коргоочу Турсунбек Акундун он чакты тарапкери 25-сентябрда «Агым» гезитинин имаратынын алдына пикетке чыгышты. Ушул эле күнү алар адам укугун коргоочу эл аралык жана жергиликтүү уюмдарга, маалымат каражаттарына кайрылуу жолдошту. Нааразылк акциясынын катышуучусу - «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулованын айтымында, 19-сентябрда Свердлов райондук соту өз чечимин доогер тараптын гана катышуусунда чыгаруу менен, мыйзам бузууга барган. Пикеттин катышуучулары соттун чечимин саясий куугунтук катары баалашты. Ал эми «Агым» гезитинин мурдагы редактору, «Эл» партиясынын башчысы Мелис Эшимканов укукту сот аркылуу коргоо демократиялык коомго мүнөздүү көрүнүш деди.
Свердлов райондук соту Мелис Эшимкановдун доо арызынын негизинде ишти карап, 19-сентябрда доогердин арызын толук канааттандырган чечим чыгарган.

XS
SM
MD
LG