Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:24

«Арнамыс» партиясы Ф.Куловдун Андрей Сахаров сыйлыгына көрсөтүлүшүн кубаттайт


БИШКЕК. «Арнамыс» партиясынын мүчөлөрү Ф. Куловдун Европарламент тарабынан Андрей Сахаров атындагы эл аралык сыйлыкка көрсөтүлүшүн кубаттайт. Партия ошондой эле Европарламенттин мындай демилгесин эл аралык коомчулуктун Кыргызстандагы адам укуктарына байланышкан абалга жана Ф. Куловдун саясий туткун экендигине берген акыйкат баасы катары түшүнөт. «Арнамыс» партиясы мындай мазмундагы билдирүүнү бейшемби күнү таратты. 19-сентябрда Европарламент Борбор Азия өлкөлөрүндө учурда түрмөдө жаткан төрт саясатчыны Андрей Сахаров атындагы эл аралык сыйлыкка көрсөткөн. Сыйлыкты тапшыруу аземи ушул жылдын декабрь айында Европарламенттин жыйынында өтөт. Тандалган талапкерге 50 миң евро акчалай сыйлык тапшырылат.

XS
SM
MD
LG