Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:28

Чеченстандагы президенттик шайлоодон Малик Сайдуллаев четтетилди


Орусиянын жогорку соту кечээ күнү Чеченстанда 5-октябрда боло турган президенттик шайлоодон Малик Сайдуллаевди четтетүү тууралуу сот өкүмүн бекитти. Маскөө тарабынан дайындалган Чечен жетекчиси Ахмад Кадыровго Сайдуллаев күчтүү атаандаш боло ала турган жалгыз талапкер болчу. Орусия өкмөтү 25-сентябрдан тартып Чечен согушунда жапа чеккендерге кенемте акча төлөй баштады жана "Хьюман Райтс Вотч" уюмунун айтымында, аны менен өкмөт шайлоочулардын добуштарын сатып алууда. Акыркы 24 сааттын ичинде Чеченстанда алты орус аскери өлтүрүлүп, дагы он жетиси жараат алды.

XS
SM
MD
LG