АКШ коргоо министринин орун басары Пол Волфовиц кечээ күнү америкалык Конгресстин Аскерий маселелер боюнча комитетинде чыгып сүйлөп, ири сандагы америкалык аскерлер Иракта эмдиги жылдын аягына чейин калат деп жарыялады. Волфовиц менен комитеттин жыйынына Ирактагы убактылуу америкалык башкаруучу Пол Бремер да келди жана алар Конгресстен президент Жорж Буш сураган кошумча 87 миллиард доллар каражатты бөлүп берүүнү суранды.