Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:45

АКШ мамлекеттик катчысынын айтымында, Ирак боюнча пикирлер жакындашууда


Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчө-мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери менен 25-сентябрда жолуккандан соң, АКШ мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл атайын билдирүү жасап, Ирак боюнча АКШ даярдаган резолюция тууралуу пикирлер бир-бирине жакындап баратат деп билдирди: "Менин оюмча, биздин түшүнүктөрүбүз жакындашып баратат, өлкөдө конституция кабыл алуу, андан соң шайлоо өткөрүү сыяктуу демократиялык жараян керек деген ойлор акыркы аптада айтылды. Жалпысынан алганда болсо бирдиктүү түшүнүк пайда болуп баратат". Ирактагы бийликти мүмкүн болушунча ылдамыраак ирактыктардын өздөрүнө өткөрүп бериш керек экенине баары макул, бирок ал жараян качан аяктоого тийиш экени жана Бириккен Улуттардын мааниси канчалык болушу керектиги тууралуу азырынча бир пикир жок.

XS
SM
MD
LG