Зураб Лакербаяга өз үйүнө кире бериште белгисиз үч киши ок атышкан. Ал оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген жана врачтар ага операция жасашкан. Лакербая 1995-жылдан бери президент Шеварднадзенин грузин-абхаз жаңжалын жөнгө салуу боюнча атайын өкүлү болуп иштеп, жогорку деңгээлдеги жолугушууларды даярдоого катышкан.