Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:20

НАТОнун баш катчысы бүгүн Кабулда болду


Жорж Робертсон эл аралык контингенттин, БУУнун ырасмий өкүлдөрү, ошондой эле Ооганстандын коргоо жана ички иштер министрлери менен жолугушуп, өлкөдөгү кырдаалды талкуулады. Альянстын баш катчысы жакынкы апталардын ичинде коопсуздук күчтөрүнүн жоопкерчилигине кирген зонаны кеңейтүү маселеси боюнча бир жаңсыл чечим кабыл алынышы мүмкүн экендигин ырастады. Эл аралык контингенттин күчтөрү азыр Кабулдун чеке-бакасындагы райондорду гана контролдойт. Эгер анын жоопкерчилигине караган аймактар кеңейтилсе, анда өлкөнүн башка райондоруна да эл аралык күчтөрдүн бөлүктөрү жайгаштырылат. Беш жарым миңге жакын эл аралык контингентке колбашчылык кылуу милдети августтан тартып НАТОго өткөн эле.

XS
SM
MD
LG