Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:25

Шайлоо кодексинин долбоору «тегерек үстөлдө» талкууланды


БИШКЕК. Бүгүн Ысыккөлдө «Шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору талкуулана баштады. «Тегерек үстөл» форматындагы бул талкууга Жогорку Кеңештин депутаттары, саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышып жатышат. Талкууга мыйзамдын президенттик жана парламенттик долбоорлору коюлган. Парламенттик долбоорду депутаттар Ишенбай Кадырбеков, Өмүрбек Текебаев, Кубатбек Байболов, Марат Султанов, Акылбек Жапаров иштеп чыгышкан. Бул талкуудан кийин долбоорлор парламенттин талкуусуна коюлушу күтүлөт. Эки долбоордогу негизги талаш мүлк тууралуу декларацияны ачыктоого, талапкерлердин шайлоо учурунда участоктордо болушуна, шайлоочулардын тизмесине байланыштуу болууда.

XS
SM
MD
LG