Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму менен Европа кеңеши кечээ күнү атайын билдирүү жасап, 5-октябрда Чеченстанда өткөрүлө турган президенттик шайлоого өз байкоочуларын жибербей турганы жөнүндө жарыялады. Орус Мамлекеттик думасынын депутаты Леонид Слуцкийдин айтымында, байкоочулар келсе да, келбесе да Чеченстандагы шайлоо баары бир мыйзамдуу болот.