Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:28

Тажикстанда 8 миң жыл мурда жашап өткөн цивилизациянын калдыктары табылды


ДУШАНБЕ. Археологдор Тажикстанда 8 миң жыл мурда жашап өткөн цивилизациянын калдыктарын табышты. Тажикстандын Улуттук Илимдер Академиясынын айтымында, сөз болуп жаткан цивилизациянын калдыктары Коргонтөбө шаарынын жанындан табылган. Археологдордун өкүлү Татьяна Филимонова кенттин ичинде гүл менен көмүрдүн калдыктары бар таштан жасалган кутулар, таштан жасалган кескич аспаптар, үзгүлтүксүз от күйүп турган алтарлар табылды дейт. Мунун негизинде археологдор көөнө цивилизация эли отко сыйынган деген тыянакка келишкен. Филимонова айрым бөлмөлөрдө коло доорундагы маданиятка таандык буйумдар койулганын айтат. Отко табынуу Зороастрдын "Авеста" деген китебинде чагылдырылган окууга негизделип, диндин бул агымы ислам менен христиан динине чейин бул чөлкөмдө кеңири тараган. Отко табынуу Борбор Азия менен Ирандын айрым жерлеринде азыр да сакталып калган.


Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG