ВЛАДИКАВКАЗ. Москванын Чеченстандагы администрациясынын айтымында, өткөн 24 сааттын ичинде козголоңчулар орусиялык аскерлердин позицияларына 18 жолу ок атып, үч аскерди өлтүрүп, 10ун жарадар кылышты. Беймаалым калууну каалаган өкүл 30га жакын козголоңчу Мескети деген кыштактын акиминин үйүнө кирип, анын сакчыларынын куралдарын тартып алып кетишкенин билдирет.