Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:56

Газа тилкесинде болгон жардыруудан бир палестин курман болду.


ГАЗА. Газа тилкесинде өткөн түнү үйлөрдүн биринде болгон жарылуудан бир палестин курман болуп, экөө жараат алды. Бул жөнүндө Рафахтагы госпитал билдирет. Жарылуунун себеби али аныктала элек. Анын аралыгында, израилдик аскерлер Батыш Жээкте жана Газа тилкесинде коопсуздук чараларын күчөтүшүп, палестиндердин Израилге кирүүсүнө бөгөт койушту. Алар кечээ, күндүн батышы менен башталган жөөттөрдүн Жаңы Жыл майрамына байланыштуу палестиндердин кол салуулары күчөйт деп кооптонуп жатышат. Жума күнү түн ичинде жөөттөрдүн Негохот кыштагына бир куралчан палестин кирип, 7 айлык баланы жана 29 жаштагы кишини атып салган. Андан көп өтпөй палестин өзү кыштакты кайтарган аскерлерден ок жеп, жан берген.

XS
SM
MD
LG