ВАШИНГТОН. Аятолла Хомейнинин небереси Хосейн Хомейни батышты Ирандагы реформаторлорго колдоо көрсөтүүгө чакырды. Кечээ Вашингтондун изилдөө борборлорунун биринде сүйлөгөн сөзүндө ирандыктардын демократияга карай умтулуусу чоң экенин, диний консерваторлордун режими элдин жүрөк үшүн алып, жек көрүүчүлүктү жаратканын билдирди. 45 жаштагы Хосейн Хомейни - чоң атасы сыяктуу эле-молдо. Бирок Ирандын ислам режими менен анын көз караштары көптөн бери келишпейт.
Аятолла Хомейнинин небереси Хосейн Хомейни батышты Ирандагы реформаторлорго колдоо көрсөтүүгө чакырды