Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:19

Бүгүн Түп жана Аксуу райондорунун аймагына кар түштү


КАРАКОЛ. Ысыккөл облусунун Түп жана Аксуу райондорунда кечээ кечинде башталган жамгыр карга айланды. Түп районунун акимчилигинен алынган маалыматка караганда, эртең менен жааган кар мөндүргө айланып, райондун жетекчилери айыл өкмөттөрүнө шашылыш жөнөп кетишти. Аба ырайынын кескин өзгөрүшү дан эгиндерин жарым-жартылай гана чаап-жыйноого үлгүрүшкөн дыйкандардын шаштысын кетирүүдө. Канча гектар аянтты кар басып калганы азырынча белгисиз. Ал эми Аксуу районунун акимчилигинен алынган маалымат боюнча, райондун аймагындагы аба ырайы кадимки кышты элестетет. Райондун жетекчилери жана тиешелүү адистер чукул кырдаал түзүлгөн аймактарды кыдырып, жергиликтүү элге кандай жардам керек экенин тактап жатышат. Бул райондун да картошка, эгин аянттары толук жыйналып бүтө элек. Мөндүр Каракол шаарына да түштү.

XS
SM
MD
LG