Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:08

Чеченстандын убактылуу администрация башчысына ким уулуу тамак жедирди?


Чеченстандын Москва дайындаган администрациясынын башчысынын милдетин аткаруучу Анатолий Попов бүгүн таңга жуук шашылыш ооруканага жаткырылды.
Орус бийликтери Попов тамак жеп ууланды жана атайын ууландырылган болушу да мүмкүн деп боолгошот.
Чечен өкмөтүнүн маалымат кызматынын билдиришинче, Попов “теги белгисиз заттан ууланган” жана абалы оор болгондуктан чукул арада Москвага дарыланууга жөнөтүлөт.
ИНТЕР ФАКС жаңылыктар агенттигинин билдиришинче, Попов кечээ кечинде Гудермес шаарчасына жакын жерден өткөн газ боросунун ачылышына байланыштуу берилген сый тамактан жеген экен.

Өткөн айда Чеченстандын администрация башчысы Ахмад Кадыров шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу кызматын токтоткондо, Попов администрациянын убактылуу башчысы болуп дайындалган.
Президенттик шайлоо Чеченстанда 5-октябрда өтөт.
Шайлоодо Чечен администрациясынын Кремль колдогон башчысы Ахмад Кадыров жеңип чыгышы үчүн, бардык олуттуу талапкерлер саясый өнөктүкттөн алдын ала четтетилген.

XS
SM
MD
LG