Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:58

Иран өзөктүк технологияны өнүктүрүү укугунан баш тартпайт


Бүгүн эле Ирандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Реза Азефи өлкө өзөктүк технологияны тынчтык максатында пайдалануу жана уранды байытып, өндүрүшкө колдонуу укугунан баш тартпайт деп билдирди.

МАГАТЭнин инспекторлору келерки жумада Иранга келишип, “Өлкө өзөктүк программасын өнүктүрүп жатпады бекен?” деген суроого тактык киргизишет.
МАГАТЭнин шартына ылайык, Тегеран 31-октябрдан кечиктирбей жашыруун өзөктүк программасы жок экенин тастыкташы абзел.

Кечээ Россия жана АКШ президенттери Владимир Путин менен Жорж Буш Иранды жана Түндүк Кореяны өзөктүк куралдарды өнүктүрүүнүн шектүү программасын токтотууга чакырган эле.

XS
SM
MD
LG