Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:17

Ирактын түндүгүндө каруу жарак сакталган жашыруун төрт кампа табылды


Ирактагы америкалык аскерлер өткөн түнкү черүү маалында көп сандагы куралдарды колго түшүрүштү.
АКШ армиясынын өкүлү, подполковник Жорж Кривонун билдиришинче, жергиликтү адам берген маалыматтын негизинде Тикрит шаарынын чет жакасында каруу жарак сакталган төрт жашыруун жай табылган.
Акыркы 24 саатта өткөрүлгөн рейддер менен аскерий черүү кезинде шектүү 74 адам кармалды деп кошумчалады Криво.

Польшанын коргоо министрлигинин өкүлү бүгүн Варшавада жасаган билдирүүгө караганда, өткөн түнү ал-Хила шаарында болгон ок атышууда поляк аскерлери аларга каршы ок ачкан бир адамды атып өлтүрүшкөн.
Ал-Хила Ирактын борбору Багдаддан 130 чакырым түштүктөгү шаар.

XS
SM
MD
LG