Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:49

Коммунисттердин доо арызы эртең шаардык сотто каралмак болду


БИШКЕК. Эртең Бишкек шаардык сотунда Кыргызстан коммунисттик партиясынын премьер-министр Николай Танаевге каршы доо арызы каралат. Бул жөнүндө партиянын өкүлдөрү «Азаттыкка» бүгүн маалымдашты. Алардын доо арызына В. Лениндин эстелигинин Бишкек шаарынын «Алатоо» аянтынан которулушу себеп болгон. Коммунисттер 2000-жылдын май айында Жогорку Кеңеш кабыл алган «В.И.Лениндин эстелиги жөнүндөгү» мыйзамды бузгандыгы үчүн өкмөт башчысын айыпташууда. Алар жалаң эле премьер-министрге эмес, президенттик администрациянын айрым өкүлдөрүнө да ушундай доомат коюп жатышат. Премьер-министрдин быйылкы 11-августтагы токтому менен Бишкектин «Алатоо» аянтындагы В.И.Лениндин эстелиги Жогорку Кеңештин имаратынын маңдайындагы аянтчага которулган.

XS
SM
MD
LG