Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:12

Айрым ишкерлердин президент А.Акаев тууралуу сунушу ар кандай пикирлерди жаратууда


БИШКЕК. Ишкерлер ассоциациясынын кечээ Бишкекте өткөн II курултайында айтылган сунуш саясатчылар арасында ар кандай пикирлерди жаратууда. Курултайда айрым ишкерлер президент Аскар Акаевден дагы бир мөөнөткө өлкө башчысы болуп калууну суранышкан. Бийликке ылым санаган айрым саясий партиялар ишкерлердин бул сунушун колдоп жатышат. Атап айтканда, Кыргызстан аялдарынын демократиялык партиясынын жетекчиси Токон Шайлиева бул маселе боюнча бүгүн «Азаттыкка» ошондой пикирин билдирди. «Мен Акаевдин дагы 5-6-жыл президент болуп калышын колдойм. Анткени башка президент келсе, ал кандай саясат жүргүзө баштай тургандыгы белгисиз. Азыр болсо өлкөдө стабилдүүлүк бар, Кыргызстанда башка өлкөлөргө караганда жашоо жакшы», - деди Токон Шайлиева. Өлкөдөгү оппозициялык партиялар болсо, президентти кийинки мөөнөткө калтыруу боюнча өнөктүк бийлик өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлүп жаткандыгын белгилешүүдө. Мисалы, «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев бүгүн «Азаттыкка» ушундай пикирин айтты. «Аскар Акаевдин президенттик мөөнөтүн узартуу боюнча өнөктүк «Ак Үй» тарабынан жүргүзүлүп жатат. Бул өнөктүк мындан ары да улантылат. Демократиясыз режим катары азыркы бийлик ушундай иш-чараларды жүргүзүүдө. Бул мыйзамсыз иш», - дейт «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары.

XS
SM
MD
LG