Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:44

Кыргызстанда мамлекеттик тил өркүндөтүлөт


БИШКЕК. Кыргызстанда мамлекеттик тилди өркүндөтүү боюнча атайын иш-чаралар иштелип чыгып, мамлекеттик тилге байланышкан мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилет. Бул тууралуу бүгүн «Азаттыктын» кабарчысына мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов билдирди. Анын маалыматына караганда, жакында Мамлекеттик тил боюнча мамлекеттик комиссия атайын жыйын өткөрүп, мындан аркы иш багыттарын аныктайт. Ал эми мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө өбөлгө болуучу атайын мыйзам долбоору эки жылдан бери парламенттин кароосунан өтө элек. Осмонакун Ибраимовдун айтымында, мыйзам долбоорунда кыргыз тилинде чыгуучу көркөм адабияттар менен балдарга арналган гезит-журналдардан кошумча нарк салыгын алып салуу жөнүндө жобо киргизилген.

XS
SM
MD
LG