БИШКЕК, НАРЫН. «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын жер-жерлердеги мүчөлөрү Юстиция министрлигинин өкүлдөрү тарабынан текшерилип, суракка алынууда. Бүгүн коалициянын президенти Эдил Байсалов ушундай кабар берди. Анын айтымында, эки күндөн бери Юстиция министрлигинин өкүлдөрү коалициянын Нарын, Ысыккөл облустарындагы мүчөлөрүнүн үйлөрүнө барып, алардын бул уюмга качан, эмне себептен мүчө болгонун сурап, кандайдыр-бир кагазга кол койдуруп жатышат. Мындай аракетти Эдил Байсалов коалициянын мүчөлөрүнө карата бийликтин кысымы катары баалады. Ал эми Юстиция министрлигинин мамлекеттик каттоо боюнча башкармалыгынын жетекчиси Эркин Искаховдун айтымында, министрликтин өкүлдөрү коалициянын уставын кайрадан каттоодон өткөрүш үчүн анын жер-жерлердеги мүчөлөрүнүн аты-жөнүн текшерүүдө. Юстиция министрлиги соңку күндөрү ар кандай себептер менен коалицияны кайрадан каттоодон өткөрбөй келет.
Коалициянын Нарындагы өкүлчүлүгүнүн директору Гүлжамал Султаналиеванын бүгүн «Азаттыкка» билдиргенине караганда, уюмдун облустук бөлүмү Юстиция министрлигинен каттоодон өтпөй калды.
Коалициянын Нарындагы өкүлчүлүгүнүн директору Гүлжамал Султаналиеванын бүгүн «Азаттыкка» билдиргенине караганда, уюмдун облустук бөлүмү Юстиция министрлигинен каттоодон өтпөй калды.