Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:30

Бишкектин ири базарларындагы контейнерлерде соода кылгандар иш ташташты


БИШКЕК. Бүгүн Бишкектин «Ош», «Дордой», «Аламүдүн», «Ортосай» базарларында контейнерлерде соода кылган соодагерлер иш ташташты. Анткени алар өкмөттүн «300 миң сомдон ашык акча жүгүртүлгөн ар бир соода түйүнү кассалык аппарат менен иштеп, салык төлөсүн» деген талабына нааразы болуп жатышат. «Дордой» базарындагы бир катар соода түйүндөрүнүн ээси Райкан Алканов: «Өкмөт касса аппаратын соодагерлердин бир да өкүлү менен кеңешпей туруп киргизди. Бул талап өкмөткө да, соодагерлерге да пайда алып келбейт. Тескерисинче, текшерүүчүлөр менен салык инспекциясынын кызматкерлеринин жең ичинен пайда табышына жол ачат», - деп билдирди. Ал эми Финансы министрлигинин алдындагы Киреше боюнча комитеттин төрагасы Аскарбек Шадиев бул маселени атайын түзүлгөн комиссия иликтеп жаткандыгын билдирди. Анын айтымында, өкмөт кассалык аппараттарды киргизүү менен жалпы соодагерлердин салык төлөө маданиятын калыптандырууну, алармандардын укугун коргоону көздөп жатат.

XS
SM
MD
LG