Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:17

Европа Биримдиги Иранга карата чара көрүүнү караштырууда


Тегеран эл аралык инспекторлорго өзөктүк мекемелерин толук текшерүүгө мүмкүнчүлүк бербесе, эки тараптуу соода байланышы зыянга учураарын Иранга эскертүүнү Европа Бирмдиги караштырууда. Биримдиктин тышкы иштер министрлери бүгүнкү жыйыналышында бул маселе боюнча чечимдин долбоорун даярдашты жана анда курал жасоого керектелчү байытылган уранды өндүрүүнү токтотуу талабы Иранга билдирилмекчи. Кечээ күнү Ирандын тышкы иштер министри Камал Харази Тегеран БУУнун атомдук энергия боюнча агенттиги менен кызматташууга даяр, бирок атомдук реакторго отун катары керектелчү байытылган уранды эл аралык агенттик чектеген алкакта өндүрүүнү уланта берээрин билдирген. Ал эми агенттик болсо 31-октябрга чейин өзөктүк программасы тууралуу толук маалымат берүүнү Ирандан талап кылган.

XS
SM
MD
LG