Бүгүн Франциянын борборунда ачылган ЮНЕСКОнун 32чи Башкы Конференциясында АКШнын биринчи айымы Лаура Буш сөз сүйлөп, Америка ЮНЕСКОнун ишине толук катышаарын билдирди. Лаура Буштун айтымында:
- Бүгүнкү күндө биздин дүйнөдө жаңы маселелер пайда болду. Ошондуктан ЮНЕСКОнун мааниси мурдагыга караганда артты жана биздин эмгек, аракет көбүрөөк керек.
ЮНЕСКО финансылык жактан начар башкарылууда жана анда антиамерикалык маанай күчтүү деген АКШ 1984-жылы ЮНЕСКОдон мүчөлүктөн чыгып кеткен эле. Лаура Буш Парижде президент Жак Ширак менен жолугушуп, саламаттык сактоо, билим жана маданият тармагы боюнча сүйлөшүүлөр өткөрдү.