Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:37

Орус дарыгерлери Поповдун уулангандыгы тууралуу маалыматты төгүндөдү


Чеченстан администрациясынын башчысынын милдетин аткаруучу Анатолий Попов белгисиз уу менен ууландырылган деген маалыматты дарыгерлер дүйшөмбү күнү төгүндөштү. Алардын айтымында, Попов бузулган, же сапатсыз тамактан улам өзүн жаман сезе баштаган. Ал өткөн күнү Гудермес шаарында тамактангандан кийин ооруп калып, Москвага жеткирилген. Учурда Поповдун абалы жакшы жана ал бүгүн жумушка чыгууну караштырууда. Москвада өзүн жакшы сезип, жумушун кайра улантаарын билдирди. Ал эми Чеченстанда болсо президенттик шайлоонун алдында кагылышуулар уланууда. Кечээ мина жарылуусунан эки федералдык аскер набыт болду. Атышуудан бир милиционер окко учуп, бешөөсү жарадар болду.

XS
SM
MD
LG