Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:32

Киото протоколуна кошулууга Орусияны президент Жак Ширак чакырды


Франциянын президенти Жак Ширак Орусияны Киото протоколуна кошулууга чакырды. Орус президенти Владимир Путинге дүйшөмбүдө жолдогон катында Жак Ширак Москванын протоколго кошулуусу Биримдик менен Орусиянын мамилесинин чыңдалышына алып келет деп белгилеген. «Жер шарынын дүйнөлүк масштабда жылуу проблемасына» байланыштуу дүйшөмбү күнү Москвада ачылган конференцияда президент Путин Орусия Киото протоколуна кошулууга даяр эместигин билдирди. 1997-жылы Жапониянын Киото шаарында кол коюлган протоколго ылайык, ага кирген мамлекеттер атмосферага газ чыгарууну азайтуу милдеттенмесин алган. Бирок, аба булгоочу газдын 36% чыгарган АКШ жана 17% чыгарган Орусия протоколго кошула элек.

XS
SM
MD
LG