Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:03

Эл өкүлдөр жыйынынын комитети өлкөнүн былтыркы бюджетинин аткарылышын талкуулоодон баш тартты


БИШКЕК. Бүгүн Эл өкүлдөр жыйынынын бюджет жана экономикалык саясат боюнча комитети өлкөнүн 2002-жылдагы бюджетинин аткарылышын талкуулоодон баш тартты. Буга былтыркы бюджеттин аткарылышындагы олуттуу мыйзам бузуу фактылары себеп болду. Эсеп палатасынын маалыматына караганда, республикалык бюджетке бөлүнгөн каражаттан 475 млн. сом мыйзамсыз колдонулган. Анын ичинде Коргоо министрлиги 6 млн. 800 миң, Билим берүү жана маданият министрлиги 14 млн., Саламаттык сактоо министрлиги 3 млн. 900 миң, Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги 40 млн., Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлиги 12 млн. сомду мыйзамсыз колдонгон. Ушундай эле көрүнүштөр өлкөнүн тышкы карызын төлөөдө жана атуулдарга берилген кредиттерди кайтарууда орун алган. Ушундан улам комитет он күндүн ичинде мындай фактыларды териштирип, күнөөсү аныкталган министрликтерди жазалоого премьер-министр Николай Танаевди милдеттендирген токтом кабыл алды.

XS
SM
MD
LG