Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:18

Саясий партиянын Оштогу бөлүмү А. Акаевдин дагы бир мөөнөткө президенттикке шайланышына каршы чыкты


ОШ. «Жаңы Кыргызстан» партиясынын Ош облустук бөлүмү айрым кыргыз ишкерлеринин Аскар Акаевди дагы бир мөөнөткө президенттике шайлоо тууралуу демилгесине каршы чыгып, эл аралык уюмдарга, кыргыз элине жана парламентке кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу бүгүн партиянын Ош облустук бөлүмүнүн төрагасы Керим Макеев билдирди. Кайрылууда А. Акаев келерки президенттик шайлоого катышпай турганын далай ирет айтып келгени эске салынат. Андан тышкары, азыркы президентти кийинки мөөнөткө шайлоо сунушу айрым көшөкөр партиялардын, ишкерлердин, айрым жетекчилердин гана демилгеси экени айтылат. Кайрылуу ээлери: «Эгер А.Акаев кыргыз элинин эртеңин ойлоп, шайлоонун демократиялуу өтүшүнө жол бергиси келсе, президенттик орунга өз талапкерлигин койбойт», - деп жазышкан.

XS
SM
MD
LG