Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:35

Коммунисттердин доо арызы Бишкек шаардык сотунда карала баштады


БИШКЕК. Бүгүн Бишкек шаардык соту Кыргызстан коммунисттер партиясынын жетекчиси Клара Ажыбекованын премьер-министр Николай Танаевге каршы берген доо арызын кароону баштады. Сот жараянына өкмөттүн өкүлү катары билим берүү жана маданият министринин орун басары Султан Раев, Бишкек шаарынын башкы архитектору Каныбек Алыкулов катышууда. Быйыл 16-августта Н.Танаевдин токтому менен Бишкектин «Алатоо» аянтындагы В.И.Лениндин эстелиги Жогорку Кеңештин имаратынын алдына которулган. Көп өтпөй Кыргызстан коммунисттер партиясынын жетекчиси К.Ажыбекова «премьер-министр В.И.Лениндин эстелиги тууралуу Жогорку Кеңеш 2000-жылдын май айында кабыл алган мыйзамды бузду» деп, сотко арыз берген.

XS
SM
MD
LG