Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:00

Профсоюз өкүлдөрү Бишкектин мэриясын жана башкалаанын Биринчи Май районунун администрациясын сотко беришти


БИШКЕК. Бишкектин мэриясы жана Биринчи Май райондук администрациясы башкалаанын «Дордой», «Ош», «Аламүдүн», «Ортосай» сыяктуу ири базарларында контейнерлерде соода кылгандарга нааразылык акциясын өткөрүүгө уруксат берген жок. Аталган базарлардын буга нааразы болгон профсоюз өкүлдөрү Бишкек мэриясына жана Биринчи Май райондук администрациясыны каршы Бишкек шаардык сотуна доо арыз жолдошту. Доо арызда бийлик органдарынын бул аракети атуулдардын өз пикирин эркин билдирүү боюнча конституциялык укугун бузуу катары бааланат. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйынында Кыргызстандагы Профсоюздар кеңешинин төрагасынын орун басары Темирбек Жаналиев кабарлады. Бишкектин бир катар ири базарларында контейнерлерде соода кылган соодагерлер кечээтен бери иш ташташууда. Анткени кыргыз өкмөтү ар бир соода түйүнүнө кассалык аппарат орнотуп, соодагерлерди салык төлөтүү тууралуу токтом чыгарган.

XS
SM
MD
LG